Чек ара аң сезимде...
Чексиз убакыт....

Байыркы заманда бул жерди деңиз каптап, анын астында ар кандай суу жаныбарлары, байыркы акулалар, үлүлдөр, ж.б. балыктын түрлөрү сүзүп жүрүшөт. Миллиондогон жылдар өтүп, доор алмашып, ал деңиздин ордунда, жаркырап тийген күндүн астында, кургакчыл бирок кооз өрөөн пайда болот.

Деңиздин түбүндө тапталган топурактагы минерал заттар жердин бетин кызыл, сары, жашыл, көгүлтүр түстөгү кооз боёкко бойойт. Адырлардын үстү асан-үсөн сыяктуу өзүнчө бир укмуштуудай жомок жаралат.

Бир кездеги суудагы жандуу үлүлдөр бара-бара ташка айланат. Бул үлүлдөр эмнени гана көргөн жок, бул жерде кандай деген убакыт-мезгилдер, жаратылыш кубулуштары, өзгөрүүлөр болуп өткөн жок. Ташка айланган үлүлдөр кийин бул жерге адам баласынын келишине дагы күбө болмокчу.
Адамдар келгенде...

Үлүлдөр толкун менен сүзүп, жаратылыш мыйзамына багынып жашаса, адамзаттын алкымы чоң болот тура. Адамдар келгенде жерлерди ээлеп, мамлекеттерге бөлүнүп, жер бетине чек ара сызып, кийин аларга куралчан аскерлерди коюшат.

Ар бир мамлекеттин ичиде бийликти, байлыкты көздөгөн башкармалар кожоюндук кылып келет. Алар жалпы элинин бакубат жашоосун максат кылбайт. Өлкө байлыгын өзүнүн жеке жыргалчылыктарына жумшап, катуу талапты болсо алыскы татаал шартта кызмат өтөгөн жаш чек арачыларга коюшат.
Баткен облусу

Күтпөгөн жерден алыскы тоолор аркылуу каракчылар, моджахеддер келип, согуш башталат. Өзүнүн экстремистик бийлигин, динин орнотобуз деп коңшу өлкөнүн тоолору аркылуу үчүнчү өлкөнүн чек арасына өтөбүз деген аракет жасашат. Көптөгөн жаш аскерлер мекенин коргогонго жөнөтүлөт, тажрыйбалуу жана мыкаачы моджахеддин колунан каза табышат.

Коомчулукта бул алыскы аймак көптөн бери каралбай келе жатканы айтылып, өзүнчө бир облус болсун, өзүнүн бюджети болсун деп, Баткен облусу түзүлөт. Ал жаш облуска берилген бюджеттен жолго светофор коюлат, ал бюджеттен эркиндиктин эстелиги тургузулат... дагы башка нерселер жасалат болуш керек, бирок жаш облуска көңүл буруу ошол менен чектелип калгандай сезилет.
Кургакчыл өрөөндө эң негизги ресурс - суу, аны тоодон түтүк куруп алып келбей, дыйкандар арасында суу талаш “кетмен согуштары” улана берет. Көп улуттун өкүлдөрү жашакан кооз өрөөндө сууга зар болгон дыйкандар, колундагы кетмендерди алып, суу талаш уруштарына барганга аргасыз болушат.

Чыр-чатак чыккан учурда башкармалар маселени убактылуу жана үстүртөн чечип келишет, журналисттер маселенин татаалдыгын, түпкү тамырынан бери изилдебей, үстүртөн жазып жүрүшөт, милиция араздашууларды же бир тарапка тартып, же өз чөнтөгүнө тартып чечип келет.

Натыйжасыз башкаруудан, өнүүгүүнүн жоктугунан келип чыккан чыр-чатактар улуттар аралык чыр-чатак катары сүрөттөлүп келет. Саясатчылар шайлоо астында гана келип, кайсыл тарапта шайлоочулардын саны көп болсо, ошолорго жол оңдоп, стадион куруп берип, улут аралык мамилени бузганга салым кошуп келишет.
Берекелүү, сырдуу Баткен
Ошондой болсо да, бул өрөөндө жаратылыштын кооздугу, эмгекчил элдин аракети, бай маданияты, адам суктанаарлык көрүнүш...

Жазда Айгүл гүлү сыйкырлуу болуп тоодо гүлдөсө, күздө өрүктөр Баткенди сары алтынга бөлөгөндөй, берекелүү күрүч терилип, алма-алмуруттун даамы укмуш, себеттер мөмөгө толуп, тандырда кызарып бышкан нандын жыты тарайт.

Баткендин килемдери ар түрдүү түстө, оймодо токулгандай бул өрөөндө ар түрдүү элдердин тагдыры, маданияты, тарыхы түрдүү түстө токулуп келет.
Өлкөнүн күчү - анын эң алсыз бөлүгү менен бааланат...
Мамлекеттин коопсуздугу, эгемендүүлүгү, бүтүндүгү деген эмне? Алар кандай жолдор менен камсыздалат? Чек араны бекемдөө, аскерлерди, курал жарактарды күчөтүү жолу мененби?

Балким коопсуздук, эгемендүүлүк, бүтүндүк башка жолдор менен курулса, ал бекемирээк, туруктуураак болот беле? Өлкөнүн айланасындагы чек арага гана басым жасабай, ички ден-соолугуна, иммунитетине басым жасалса кандай болот?

Чыныгы өнүгүү - чыныгы эгемендүүлүк

Суу алып келүүчү түтүктөр орнотулса, дыйкандардын суу колдонуусу жөнгө салынса, сууну сарамжалдуу колдонуу үчүн жаңы шаймандар колдонулса, ысыка чыдамдуу үрөндөр эгилсе.... ушундай өнүгүү болсо өлкөнүн көз карандысыз болуусу, биримдиги, туруктуулугу чыңдалат беле...

Эркин ой жүгүртүүгө үйрөтө алган, жарандык сезимдерди ойгото алган мугалимдер тарбия берсе, ар бир өспүрүм кыялдангандан коркпой, идеяларын ишке ашырганга шарт түзүлсө, алар коомдун, өлкөнүн жашоосуна катышып, өз келечегин курганга мүмкүнчүлүгү болсо....

Бардык жарандар үчүн, улуту, тили, динине карабай бир өлкөнүн жараны катары жумуштар түзүлсө, жарандар үчүн өзүнүн жөндөмүн, кыялын, пландарын ишке ашырала турган ишканалар түзүлсө, Баткен өрүгүнөн, күрүчүнөн, алмасынан ар түрлүү азык-заттар сапатту чыгарылып, таза продукция катары экспортко чыкса....

Эгин айдоо, малчылыктан тышкары, ар кандай тармактар өнүксө, жаңы муун мыкты билим алып келип, кайра өз мекенинде эмгектенсе, жаңы технология, экологиялык таза өндүрүш, билим берүү, саякат, медицина, ж.б. тармактар адамдардын бакубат жашоосуна багытталса..... балким коопсуздук, эгемендүүлүк, бүтүндүк бекемирээк, туруктуураак болот беле?...

Ооба, чек ара кызматы болсо, бирок башкача иштесе, адамдын эркиндигине, өнүгүүсүнө бакытталса, адамдык баалуулуктар биринчи орунга коюлса.... Дипломатия, кызматташтык куралдуу аскерледин ордуна келсе... коңшу өлкөдө жашаган бир туугандар тоскоолдуксуз катташып турса, жергиликтүү эл коңшу өлкөнүн базарына барып кенен соода кылса, окуу жайларына барып билим алса, тажрыйба алмашып, кызматташса... чек аралар адамдарды чектебесе...

Алыстан көз караш
Адамдар ааламга умтулуп, темир кеме куруп аалам мейкиндикте учуп калган кез...
Тегерек жердин сулуугуна суктанып бир космонавт айтат: жер-суу укмуш көрүнөт, бирок кайсыл мамлекет кайсыл экенин айтыш кыйын, аларды бөлгөн чек аралар көрүнбөйт. Анда экинчиси жооп берет: жаратылышта чек ара болбойт, чек ара адамдардын башында, аң сезиминде.

Дагы мезгилдер өтөт, мүмкүн адамдар башка бир деңгээлге өсөт, мүмкүн жан дүйнөнүн, аң сезимдин тазалануусу аркылуу көзгө көрүнбөгөн, адамдын аң сезимде жашап келген чек аралар да жоюлат...

This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website